Биз менен байланышыңыз

Талас облустук милициясы «Альянс Алтынга» сыйлык тапшырды

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 391 | 0

Талас облустук ички иштер башкармалыгында «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилигин сыйлоо салтанаты өттү.

Иш-чарада «Альянс Алтын» компаниясынын башкы директору Рахматов Сабирге ИИМдин «Шериктеш» медалы, орун басары Исаков Женишбекке жана «Бакубат Талас» фондунун жамаатына «Ыраазычылык кат» тапшырылды.

Сыйлык Талас облустук милициясына «Альянс Алтын» компаниясы көрсөткөн материалдык-техникалык колдоосу үчүн берилген.

Андан тышкары мекеменин борбордук аппаратында «Бирдиктүү терезе» кызматынын ачылышына да толук демөөрчү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM