Таласта 3-майдан тарта бардык мектептер аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу «24.KG» маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, окутуунун мындай форматы 10-майга чейин улантылмакчы.
1-майдан тарта коронавирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу Жалал-Абад жана Каракол шаарларындагы мектептер онлайн окутула баштаган. Бишкекте да айрым мектептерге аралыктан окуу киргизилген.