Биз менен байланышыңыз

Талас облусунан 7 дарыгер Баткенге жөнөп кетти

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 552 | 0

Талас облусунан 7 дарыгер Баткенге жөнөп кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жараат алгандарга жардам көрсөтүү максатында 30-апрель күнү түнкү саат 1:00 чамасында Талас облустук ооруканасынан 7 дарыгер (хирург, травматолог) Баткенге жол тарткан.

Ошондой эле «Талас ынтымагы» коомунун жаштары менен бирге материалдык жана гуманитардык жардам жеткирилери айтылды.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрелдин түнүндө саат 24:00гө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда үч жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 84кө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM