Биз менен байланышыңыз

«Империя пиццынын» тамагына уулангандар 142ге жетти

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 381 | 0

Бишкекте «Империя пиццы» кафесинен тамактангандан кийин ууланып, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда саламаттык сактоо мекемелерине кайрылгандардын саны 142 адамга жетти. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик департаментинин дарыгери Алтынай Молдобек кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

Маалыматка ылайык, стационарларда 29 бейтап жана шаардык балдар ооруканасында 12 бала дарыланып жатат. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалашууда. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Эпидемиологиялык иликтөө учурунда дарыгерлерге кайрылгандардын баары борбор калаадагы бир кафенин ар кайсы филиалдарынан тамак жегени белгилүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM