Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын коруктарында жапайы жаныбарлардын санынын өскөнү байкалууда

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 653 | 0

Кыргызстандын коруктук аймактарында жапайы жаныбарлардын санынын өсүүсү байкалууда. Бул маалыматты “Алатай” паркына орнотулган визуалдык каттоого түшкөн сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

2019-жылдын январь айында ПРООНдун биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча долбоорунун негизинде жаныбарды көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн Батыш Тянь-Шанга 6 визуалдык каттоо орнотулган.

Тартылып алынган фото сүрөттөрдөн аталган паркта сейрек кездешүүчү баардык жапайы жаныбарлардын жашаганын көрүүгө болот.

«Алатай» жаратылыш паркынын жалпы аянты 56 миң 826 га. Бул парктан кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулардын жана жаныбарлардын түрлөрүн илбирс, сүлөөсүн, чүткөр, суусар, аюу (тянь-шань), бүркүт, көк жору, ителги жана башка жаныбарларды көрүугө болот.

Азыркы учурда Кыргызстанда 400дөн ашуун сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулардын түрлөрү жашайт, алардын ичинен 57 түрү кызыл китепке киргизилген.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM