Биз менен байланышыңыз

Ошто мыйзамсыз курулган газ толтуруучу жай алынып салынды

Кыска кабар | 24 Мар 2019 | 597 | 0

Бүгүн, 24-мартта Ош шаарынын Нурматов көчөсүндөгү уруксат кагазы жок унааларга газ толтуруучу жай алынып салынып, жер тилке бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов коопсуздугу каралбаган жана мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар алынаарын билдирген болчу. Ал ошондой эле шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча да буйрук чыгарыла турганын айткан.

Эске салсак, 20-мартта Ош шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыгып, 2 адам жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM