Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 6 миңден көп үйдүн тийиштүү документи жок

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2019 | 752 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу “Марал” радиосуна берген маегинде калаада 6 миңден ашык үйдүн тийиштүү документи жок экенин билдирди.

Анын айтымында, документи жок турак жайлардын 3 миңге жакынын мыйзамдаштырууга болбойт. Алар Бишкектин башкы планына дал келбейт жана имаратты курууда архитектуралык нормалар сакталган эмес. Калган 3 жарым миң үйдү мыйзамдаштырууга болот.

«Аларды дароо түрттүрөлү деген оюбуз жок. Эгер шаардын башкы планына дал келсе 3 жарым миң үйдү мыйзамдаштырып берүү маселеси боюнча парламентке кайрылдык. Документи жок үйлөрдүн айрымдарында жергиликтүү бийликтин чечимдери бар. Туура эмес жерге берилген чечимдер да жок эмес. Ошону менен катар такыр чечимдери жоктор дагы кездешет. Мэрия 1999-жылга чейинки үйлөрдү мыйзамдаштууга болот деген жобонун үстүнөн иштеп жатат. Учурда 2005-2010-жылдары берилген жерлер тууралуу маселе жаралууда», — дейт Азамат Сагындык уулу.

Анын белгилегенине караганда, мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүүдө жарандын колунда там салуу боюнча жергиликтүү бийликтин чечими болсо, компенсация каралышы мүмкүн. Эгер жаран өзүм билемдик менен үй курган болсо, анда эч кандай компенсация каралбайт.

Copyright © 2017 Maral FM