Биз менен байланышыңыз

«Эски үйлөрдүн ордуна жаңы турак жай куруп берүү боюнча программа жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2019 | 770 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу “Марал” радиосуна берген маегинде мекемеде эски үйлөрдү түрттүрүп, ордуна жаңы турак жай куруп берүү боюнча программа жок экенин билдирди.

Анын айтымында, курулуш компаниялары эски турак жайларды алып, ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат. Жарактан чыккан үйлөрдүн ордуна курулчу имарат сейсмологиялык институттун корутундусунун негизинде салынат.

«Бишкек мэриясынын шаардык курулуш боюнча бирдиктүү саясаты бар. Акыркы жылдары бир да үйдү мыйзамсыз басып алуу болгон жок. Мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу боюнча түзүлгөн оперативдүү топ иштеп жатат. Алар мыйзамсыз үйлөргө тийиштүү чара колдонуп, түрттүрүүгө чейин барышууда. Мындан сырткары сотко өткөн иштер да бар. Бирок сотко берилген иш көп убакытты алат. Курулуш мыйзамсыз экен деп дароо түрттүрүп жибербейбиз», — дейт Азамат Сагындык уулу.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жарандарды Бейшемби күнү саат 09:00-12:00 аралыгында кабыл алат. Мекеменин дареги Тунгуч кичи району №54 үй, байланыш номурлары (0312) 975 122, (0312) 975 123.

«Жарандар арыз менен кайрылса, курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун карап, тийиштүү чара көрүүгө даярбыз. Биздин башкармалык муниципиалдык объектилерди дагы көзөмөлдөйт. Мыйзамсыз жарнактарды алуу боюнча рейд жүрүп келе жатат. Шаардын көркүн бузган жарнамаларды алып салууну мен да колдойм. Жарнамалардан түшкөн каражаттар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга каралат», — дейт Азамат Сагындык уулу.

Copyright © 2017 Maral FM