Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Мыйзамсыз берилген 30 гектардан ашык жер артка кайтарылды

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2019 | 597 | 0

Бишкек шаардык кеңешинин, прокуратура органдарынын жардамы менен мыйзамсыз берилген жерлер калаа менчигине кайтарылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ижарага кеткен 18,5 га жер шаар менчигине кайтарылды. Негизи, 480 гектар муниципиалдык жер ижарага берилген.

Андан тышкары, мыйзамсыз берилип кеткен жерлер да артка кайтарылууда. Бул боюнча 30 гектардан ашык жер шаар менчигине өткөрүлдү.

Сагындык уулу белгилегендей, эми жер берүү тартиби боюнча жаңы жоболорго ылайык, жерлерди ижарага берүүдө электрондук аукцион жүргүзүлөт. Ал эми буга чейин жер берүү тартиби коммиссия тарабынан каралып келген.

-Учурда адамдык ресурстун катышуусун азайтып, жалаң электордук форматка өтөлү деп жатабыз. Бул бардык катышуучуларга бирдей шарт түзүп, ачык-айкындуулукту камсыз кылат. Жеңилдетилген типтеги кыска мөөнөткө бериле турган жерлерди комиссия карайт. Ал эми 5 жылдан көп убакытка ижарага берилчү жерлерге электрондук аукцион өтөт, — дейт Сагындык уулу.

Copyright © 2017 Maral FM