Биз менен байланышыңыз

«Бишкекте 2600дөн ашуун жер ижарага берилген»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 мая 2019 | 877 | 0

Бишкек шаарынын аймагында 2 миң 600дөн ашуун муниципалдык жер ижарага берилген. Жалпы аянты 470 гектарга жакын мындай жерлерден жыл сайын калаа бюджетине 500 млн. сомдон ашык ижара акы түшүп турат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда ижарага берилген жерлерге инвентаризация жүрүп жатат. 10 жылдап-20 жылдап ижара акысын төлөбөй жүрө берген жарандар бар. Төлөө мөөнөтү өтүп кетсе, туум жазылып, дебитордук карызга айланат. Жыл башынан бери сотко берүү процесси күч алды.

«Мурда дебитордук карызы барларга карата 100 миң сомго доо арыз жазсак, анын 10 %ын сотко төлөөгө туура келчү. Быйыл ал ченемди алып салган соң, бизге бир топ жеңил болуп калды. Дебитордук карызы көп делген 80ден ашуун объект боюнча ижара ээлери сотко берилди. Дебитордук карызы такыр төлөнбөгөн 30дай объект бар. Аларын карызы 4-5 млн. сомго жеткен. Учурда сотко берип, каражатты өндүрүп, ижара келишимин бузуп жатабыз. Жерлер ижарага 1, 5, 49 жылга чейин берилип кеткен. Объектилердин ижара акысы ай сайын төлөнүшү зарыл. Бирок көпчүлүгү квартал сайын төлөөгө өтүп алган», — дейт Сагындык уулу.

Ал муну менен катар жер маселеси аяр мамиле талап кыларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM