Биз менен байланышыңыз

Жайыттарды 20 жылга ижарага берүү маселеси кайра көтөрүлдү

Экономика | 24 Янв 2022 | 2044 | 0

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинин бүгүнкү жыйынында кайрадан оту качкан жайыттарды 5 жылдан 20 жылга чейин ижарага берүү маселеси каралды. Тактап айтканда, «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору Айыл чарба министрлиги тарабынан сунушталды. Аталган мыйзамды буга чейин парламенттин VI чакырылышынын депутаттары да карап, президент Садыр Жапаров эки жолу артка кайтарган. Ошол эле учурда эл ичинде жайыттардын ижарага берилишине каршы чыккандар да болгон. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Баяндама жасаган айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов мыйзам жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталып, айылдык жетекчиликтин ролун жана жоопкерчилигин арттыруу максатында жазылганын маалымдады.

«Кыргызстанда 9 млн гектар жайыт бар. Анын жарым миллион гектары оту качкан жайыттарга кирет. Учурда «Кыргызгипрозем» институту оту жок жайыттарды аныктоо боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүп жатат. Элге пайдаланууга бергенден кийин албетте, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөт. Биринчиден, жумуш орундары түзүлөт; экинчиден, жаңы көчөттөр отургузулуп, жаңы маданият калыптанат; үчүнчүдөн, такыр жайыттар жашылдандырылат; төртүнчүдөн жердин ижара акысы жана салык базасы көтөрүлөт».

Жайыттар алгач Айыл чарба жерлеринин фондусуна өткөрүлүп, андан соң ижарага берүү тартиби Министрлер кабинети тарабынан аныкталат. Жайыт ээлөөчүлөр атайын ачык сынактын негизинде тандалат. Учурда жеке же юридикалык жактарга алгач 5 жылга берип, андан соң ишинин натыйжасына карап, 20 жылга узартуу сунушталууда. Ижарага алган адам ал жерлерди айыл чарба, туризм багыттарында колдоно алат. Ошол эле учурда малды жайлоого айдаган жолдун жээгиндеги жерлер ижарага берилбейт.

Талкуу маалында депутат Нурбек Алимбеков түзүлгөн ижара келишиминин 20 жылдан кийинки тагдыры тууралуу сурады.

«Бул мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында кызуу талкуу болгон. Президент эки жолу артка кайтарган. Мына азыр оңдолуп келген варианты бир кыйла жакшы экен. 20 жылга беребиз деп жатасыздар? Андан кийинки тагдыры эмне болот? Мисалы, азыр 35-40 жыл мөмө бере турган бак отургузуп жатышат. 20 жылдан кийин мамлекетке кайра тартып албайсыңарбы? 20 жылдан кийинки мөөнөттү так жазып койсо жакшы болмок». 

Өз кезегинде Нурлан Шерипов ижарага берилген жерлерге бак отургузулса, бардык шарттар жана талаптар аткарылса, келишимди дагы 20 жылга  узартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдады.

Депутаттар агрардык сектордогу көйгөйлөрдү көтөрүшүп, мыйзамга байланышкан бир катар суроолорду жана сунуштарды беришти.

Муну менен катар аталган комитеттин төргагасы, депутат Аманкан Кенжебаев министрликтин жер саясаты туура эмес болуп жатканын сынга алды.

«Силер долбоорду алып келгенде бүт эле башкача мыйзам алып келип жатасыңар да. Бүт эле менчикке берели дейсиңер, анда мамлекет качан алдыга жылат? Бул маселени министрлик менен кайрадан отуруп карап чыкпасак болбой калды. Бүгүнкү күндө мына элдин баары ызы-чуу. Кечээ мына Ысык-Көл менен Чүйдүн эли көтөрүлөт деп жатышат. Сиз: «Жер иштеткенди, ирригацияны оңдоо керек», — деп жатасыз. Бүгүнкү күндө дыйкан чарбалар жер иштеткенди үйрөнгөн. Жерди алгандар арыктарын, жолдорун өздөрү оңдоп алышкан. Мамлекет жардам берген жок. Биз азыр аларга бут тосуп жатабыз, бул аябай ызы-чуу боло турган нерсе. 200-300 гектардан жер алышып, субаренда менен отурушат. А силер кайра ошону мыйзамдаштырып беребиз деп жатасыңар. Мен муну туура эмес деп ойлойм. Саясатыңар балким бир аз туура эмес болуп жатат, балким силер кайра карап көрөсүңөр. Бул маселе боюнча элдин баары көтөрүлүп жатат».

Талкуудан соң мыйзам долбоорун кийинки отурумда да кайрадан кароо чечими кабыл алынды.

Кыргызстанда 9,5 млн гектарга чукул жайыт бар. Анын 4706 миң гектарын ижарага берүү мерчемделүүдө. Оту качкан жайыт үчүн гектарына 12 сом гана салык алынып келген болсо, мыйзам долбоору боюнча ал жер өздөштүрүлүп, бакчага айландырылса, 205 сомдон салык алынып, бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүн шарттайт.

Copyright © 2017 Maral FM