Биз менен байланышыңыз

«Бишкекте бош жерлердин электрондук реестрин иштеп чыгуу пландалууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 мая 2019 | 688 | 0

Бишкекте бош жерлердин электрондук реестрин иштеп чыгуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада ижарага алынган жерлердин гана электрондук реестри бар.

Сагындык уулу мындан сырткары жердин ижара акысын комиссия аныктабай турганын белгиледи.

«Жердин ижара акысы Бишкек шаардык Кеңешинин мыйзамына ылайык, колдонуу багытына жараша коэффициенттер менен аныкталган. Тактап айтканда, ижара акысын комиссия белгилебейт. Ал мыйзамдын негизинде чечилген», — дейт Сагынбек уулу.

Ал белгилегендей, Бишкек шаарынын Жер ресурстары башкармалыгы жеке менчик имараттардын ижара акысы боюнча жооптуу эмес.

«Береке» жабык акционердик коому былтыр Ош базарында күйүп кеткен жерге чоң имарат курду. Жарандар ал соода дүкөнүнүн ижарасы боюнча «Берекеге» кайрылуусу зарыл», — дейт Сагындык уулу.

Copyright © 2017 Maral FM