Биз менен байланышыңыз

Бишкектин борборунан жер берилбешинин себеби айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 10 мая 2019 | 962 | 0

Бишкек шаарынын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу «Марал» радиосуна берген маегинде шаардык кеңештин чечимине ылайык, калаанын борбордук бөлүгүнөн жерлерди ижарага берүүгө 1 жылга мораторий киргизилгенин билдирди.

«Биринчиден, жер жок, экинчиден, башаламандык көп. Мындан улам Бишкектин борбордук бөлүгүнөн жаңы жерлер ижарага берилбейт. Бул боюнча апрель айынын башында 1 жылга мораторий киргизилди. Ижарага берүү маселесинде адам катышын азайтуу максатында электрондук аукцион өткөрүү тапшырмасы берилген. Учурда комиссия аркылуу берилип жаткан жерлерди алдыда электрондук аукцион аркылуу берүүгө аракет жасап жатабыз. Дал ушул электрондук аукционду, тийиштүү документтерди иретке келтирүү үчүн убакыт керек болду», — дейт Сагынбек уулу.

Анын айтымында, мурда ижарага алынган жерлердин келишими шартка жараша узартыла берет.  Ошондой эле, калаанын четки аймактарынан ижарага жер берилет.

«Жаран бизге арыз менен кайрылса, комиссия карап чыгып, башкы планга туура келсе, жер берүүгө даярбыз. Жер берилген соң, көзөмөлгө алынат. Объект берилген багытта пайдаланылышы зарыл. Шаардан жер алып, көп кабаттуу үй кургандар бар. Турак жай кодексине жана башка укуктук документтерге ылайык үй салынып колдонууга берилген соң комиссияда каралып, жерди жеке менчикке берүү маселеси чечилет. Мындан сырткары, жеке турак жайларды мыйзамдаштыруу комиссиясы да бизде», — дейт Сагындык уулу.

Copyright © 2017 Maral FM