Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Ижарага берилген жерлер боюнча 90 млн сом карыз өндүрүлдү

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2019 | 608 | 0

Бишкекте ижарага берилген жерлер боюнча дебитордук карыздын 90 млн сому өндүрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

-Ижарага берилген жерлер боюнча шаардын дебитордук аласасы 1 млрд сомго жакын болчу. Биз анын ар бирин талдап чыктык.  Анын 511 млн сому өндүрүүгө боло турган карыздар. Калганы жерлер болсо убагында кызыл китеп же соттун чечими чыгып, же болбосо башкы план реализация болуп жол салынып жана башка объектилер болуп калган», — дейт Сагындык уулу.

Анын айтымында, дебитордук карыздар боюнча ар бир ижарачы менен сотко чейинки өндүрүш аткарылды. Натыйжада, 340 млн сомдук дебитордук карыз боюнча сот иштери жүрүп жатат.

-Ижара келишими бузулган учурда аны токтотуунун 2 жолу бар. Биринчиси — келишимди бир тараптуу токтотуу. Экинчиси — сотко берип өндүрүү. Ижарачылар карыздарын убагында төлөбөсө, тийиштүү чара колдонулууда, — дейт Сагындык уулу.

Copyright © 2017 Maral FM