Биз менен байланышыңыз

«Түндүк электрдин» абоненттеринин карызы 512,8 млн сомду түздү

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 805 | 0

«Түндүк электр» ачык акционердик коомунун абоненттеринин электр энергияга болгон карызы  биринчи майга 512,8 млн. сомду түздү. Апрель айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон  дебитордук карызын 20 %га, тагыраагы 128,3 млн. сомго төмөндөтүштү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Дебитордук карыздын 21,9 млн. сомго же 62 % төмөндөшү бюджеттик уюмдар категориясында катталган. Калк категориясы 93,4 млн. сомго же 24 %га төмөндөтсө, башка керектөөчүлөр – 8,2 млн. сомго же 10%га, ал эми өндүрүш абоненттери –5 млн. сомго же 8,6 % төмөндөтө алышкан.

Дебитордук карыздын өсүшү айыл чарба керектөөчүлөрүндө катталып, карыз 213 миң сомго же 5,6 %га жогорулаган.

«Түндүк электр» ачык акционердик коому тейлеген бардык аймактарда дебитордук карыздын төмөндөшү байкалган.

Бишкек шаарында 50,3 млн. сомго же 23,5 %га, Чүй облусунда — 65 млн. сомго же 20 %га, Талас облусунда  — 50,3 млн. сомго же 13,5 % төмөндөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM