Биз менен байланышыңыз

Аалиев: Калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 731 | 0

2021-2025-жылдарга электр энергиясына жана ысык сууга орто мөөнөттүү тариф саясаты бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койдугун министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев.

Анын айтымында, кабыл алынган Орто мөөнөттүү тариф саясатына ылайык, калк үчүн электр энергиясын 700 кВт/саатка чейин колдонууда 0,77 сом, 1000 кВт/сааттан ашса 2,16 сом деңгээлинде калат.

Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын колдонуу нормасы жокко чыгарылды, башкача айтканда 0,77 сом кВт / саат тарифи чектөөсүз иштейт. Социалдык балдар мекемелери, электр транспорту, диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер 1 кВт саат үчүн 168 тыйын деңгээлинде өзүнчө тариф белгиленет (салыктарды эске албаганда).

Муну менен катар социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6,3%ды түзөт, ал эми диний уюмдар үчүн тариф 56 тыйынга төмөндөтүлөт.

Аалиев ошондой эле кийинки жылдары терифтер инфляциянын деңгээлин эске алуу менен өзгөртүлөрүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM