Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 11,9 млрд куб метрге чейин көбөйдү

Кыска кабар | 12 Авг 2021 | 371 | 0

Бүгүн, 12-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 922 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 482 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 436 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Copyright © 2017 Maral FM