Биз менен байланышыңыз

Быйыл 3 млрд кВт/с чейин электр энергиясынын тартыштыгы күтүлөт

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 632 | 0

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, быйыл 3 млрд кВт/саатка чейин электр энергиясынын тартыштыгы күтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Бул суу сактагычтагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнө, ошондой эле электр энергиясын керектөөнүн жыл сайын өсүп жаткандыгына байланыштуу деп түшүндүрдү министрлик.

Министрликтен билдиргендей, Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү эске алуу менен, 2021-2022-жылдары күз-кыш мезгилдерине даярдык үчүн кризиске каршы чаралар ишке ашырылып жатат, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо планы ишке ашырылууда.

Бирок Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча өткөн жыйында Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын алуу менен маселе чечилбейт деп айтты. Анткени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аябай эле азайган.

Ал белгилегендей, 6-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд кубометрди түзөт, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.9 млрд кубометрге аз. Божомолдорго ылайык, быйыл суунун агып кирүүсүнүн көлөмү 8.4 млрд кубометрди түзөт же көп жылдык орточо нормадан 88%ды түзөт.

Буга байланыштуу келерки жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдонгон көлөмү 8.8 млрд кубометрди түзүшү мүмкүн, бул гидроэнергетикалык жабдуулардын коопсуз иштеши үчүн сунушталган минималдуу көлөмдөн 0.9 млрд кубометрге төмөн.

Улуттук энергохолдингдин башчысы электр энергиясын керектөөнүн тынымсыз өсүшү 2022-жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү «өлүк көлөмгө» жакындап, 6 млрд кубометрди түзүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM