Бишкек, Чүй жана Талас облустарын тейлеген “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниясы электр энергиясын колдонууга чектөө киргизгенин расмий билдирди.
Суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоо үчүн «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясын керектөө боюнча эсептегичтерге лимит койду.
Ошентип, бир фазалуу абоненттер үчүн электр энергиясынын чеги 5 кВтка чейин, ал эми үч фазалуу абоненттер үчүн 10 кВтка чейин белгиленген.
Суроолор боюнча 1209, 0772 001209, 0702 001209, 0556 001209 телефондору аркылуу кайрылууга болот.
Абду
07.11.2021 17:27
Күнүгө 5кВт×30 күнгө=150 кВт × 0.77 тыйын = 115.5 с. Бул сумманы жайында колдонуш кыйын го