Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кыргыз-Казак маданий борбору ачылат

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашты.

Өз кезегинде элчи Кайрат Нурпеисов Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы Кыргыз-Казак маданий борбору ачыла турганын маалымдап, ачылыш салтанатын биргеликте уюштурууну министрден суранды.

Министр Кадырбеков аталган маселе боюнча эки тараптуу кызматташууга макулдугун берди.

Copyright © 2017 Maral FM