Улуттук банк 2,3 миң даана коллекциялык монета чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу Каржылык жөнгө салуу мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алардын баары 10 сом номиналында күмүштөн жасалат.
Монеталар боюнча маалыматтар:
«Тушоо кесүү» («Кыргызстандын үрп-адаттары» сериясынын алкагында) — 1 000 даана;
«Улуу Жеңишке 80 жыл» («Тарыхый окуялар» сериясынын алкагында) — 800 даана;
«Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздеген аталар» («Тарыхый окуялар» сериясынын алкагында) — 500 даана.