Биз менен байланышыңыз

Токаев Путин менен Казакстанда вакцина чыгарууга макулдашты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 355 | 0

Казакстанда Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрө турган завод куруу пландалып жатат. Бул тууралуу 16-ноябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус менен күрөшүүгө арналган жыйында билдирди.

«Орус вакцинасын өндүргөн завод куруу боюнча Орусия президенти менен келиштик. Өкмөт ушул долбоорго инвестиция тартуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштады», — деп билдирди ал.

Касым-Жомарт-Токаев ата мекендик вакцинаны өндүрүшкө киргизүү – өкмөттүн алдындагы эң чоң тапшырма экенин баса белгиледи.

«Маселен, эки ата мекендик вакцина перспективдүү дүйнөлүк биопрепараттардын катарына кирип, азыркы тапта аларга клиникалык сыноо жүрүп жатат», – деди.

Токаев кеп кайсы вакцина жөнүндө болуп жатканын айткан жок.

Буга чейин Орусия өзүнүн «Sputnik V» ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында президент Владимир Путиндин кызы, ошондой эле Коргоо министри Сергей Шойгу да бар. Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Россиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз экенин текшерүү үчүн сыноонун үчүнчү этабы маанилүү болорун айтып келишкен.

14-октябрда Новосибирскидеги «Вектор» борбору экинчи вакцинаны иштеп чыкканы маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM