Биз менен байланышыңыз

Жуматаев: Каражаттын жоктугунан Ботаникалык бак каралбай турат

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Ноя 2020 | 444 | 0

Улуттук илимдер академиясы акыркы 3 жылдан бери реформаларды ишке ашырып жатат. Анын арты менен илимий изилдөөнүн артыкчылыктары азайтылды. Бул тууралуу аталган мекеменин президенти Мурат Жуматаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, академия 6 багытта иш алып барууда. Алар:

  • маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдөө;
  • жаңы материалдар жана технологиялар;
  • суу жана гидроэнергетика көйгөйлөрү;
  • жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу;
  • гуманитардык;
  • биология жана экологиялык коопсуздук багыттары.

Жогоруда аталган багыттар боюнча академияда жалпысынан 1676 кызматкер иштейт. Алардын 900ү илимий кызматкер, калганы техникалык кызматкерлер.

«Улуттук илимдер академиясында 19 илимий изилдөө мекемеси бар. 3 жыл мурда 26 болчу, реформанын негизинде кыскарттык. Бюждетибиз 320 млн сомдун тегерегинде. Жаңы нерсе ойлоп табуу үчүн ири каражат талап кылынат, бизде тийиштүү аспаптар жок. Биздин окумуштуулар жеп жаткан тамагын актап жатат. Жакшы иш үчүн каражат керек», — дейт Жуматаев.

Ал белгилегендей, каражаттын жоктугунан Ботаникалык бак каралбай калууда. Бакта ирригация системасы бузулган. Пандемиядан улам мекемеге айлык акыдан башка эч кандай каражат берилген эмес.

Эске салсак, 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк илим күнү катары белгиленип келет.

«Илимдер академиясы пандемия боюнча Өкмөткө бир канча сунуш бергенбиз»

Copyright © 2017 Maral FM