Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратты чыгаруу пландалууда

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 541 | 0

Тажикстандын Улуттук Илимдер академиясы тажик илимпоздору ойлоп тапкан өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу «Авеста» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Дүйшөмбү шаарында ата мекендик өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрүү пландаштырылууда.

Аталган электрондук шайманды физиктер иштеп чыгып, Дүйшөмбү шаарындагы клиникалык ооруканада сынашкан.

Ошондой эле, буга чейин Улуттук Илимдер академиясы өзүнүн ресурстарын колдонуп, вирусту, анын ичинде коронавирусту дезинфекциялоо үчүн антисептик катары өлкөдө кеңири колдонулган натрий гипохлоритинин өндүрүлө баштагандыгы белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM