Биз менен байланышыңыз

Жуматаев: Өлкөдө илимий-техникалык саясат жок

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Ноя 2020 | 309 | 0

Өлкөдө илимий-техникалык саясат жок. Анткени Улуттук илимдер академиясынан саясат жүргүзүү укугу алынып салынган. Бул тууралуу мекеменин президенти Мурат Жуматаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында УИА өзүнө караштуу институттардын ишин гана көзөмөлдөйт. Кыргызстандагы илимди координациялоого мүмкүнчүлүгү жок.

«Билим берүү жана илим министрлигинин алдында атайын департамент илимди координациялоо милдетин аткарышы керек. Бирок биздин мекемеге илим саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилүүсү шарт. Анткени Кыргыз Республикасында өзүнүн түзүлүшүн бир гана УИА сактап калды», — дейт Жуматаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM