УИА жаштарды жана аялдарды илимге тартуу боюнча эки багыттын үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу мекеменин президенти Мурат Жуматаев «Маралга» берген маегинде билдирди.
«Азыр магистратураны бүткөн жаштарды тарталы десек, алар 6-7 миң сом айлыкка келбейт. Ошондуктан 3-4 жылдан бери аракеттенип, билим жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизгенбиз. Ага ылайык академиянын институттарында магистратураларды даярдоого болот. Бул ишке ашса, академияда жаш окумуштуулар пайда болот», — дейт Жуматаев.