Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында илим, билим жана аймактарды өнүктүрүү боюнча форум өтөт

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 579 | 0

2-июлда Ош шаарында «Илим, билим – аймактарды өнүктүрүүнүн жана санариптештирүүнүн негизги факторлорунун бири» аталышындагы I Эл аралык илимий-инновациялык форум өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Форумда аймактардагы академиялык, колдонмо илим, билимдин учурдагы абалы жана келечеги, биргелешкен аймактык программалардын илимий-техникалык багыттарын ишке ашыруу жолдорун иштеп чыгуу, коңшу Өзбекстандын облустары менен илим жана билим берүүдөгү байланыштар, андагы жетишкендиктер, ошондой эле тажрыйба алмашуу, өнөктөш болуу маселелери талкууланат.

Иш-чарага Президенттик Аппараттын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өкүлчүлүктөрүнөн, шаар мэриясынан жана Фергана, Наманган, Анжиян шаарларынын Жогорку окуу жайлардын ректорлору катышат.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM