Биз менен байланышыңыз

«Илимдер академиясы пандемия боюнча Өкмөткө бир канча сунуш бергенбиз»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Ноя 2020 | 433 | 0

УИА пандемия башталгандан тарта сунуштарды берип келатат. Бул тууралуу мекеменин президенти Мурат Жуматаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, УИА атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп, экономикалык багыт боюнча да сунуштарды берген.

«Биз март айынан бери 3 бюллетень чыгардык. Алгач пандемияны түшүндүрүүгө аракеттендик. Андан соң пандемия социалдык, экономикалык жана башка багыттарда кандай кырдаал жаратышы мүмкүн экени боюнча сунуштарды бердик. Эки жума мурда вакциналар боюнча да сунуш киргиздик. Бирок кээ бир учурда биздин илимий сунуштар кабыл алынбай жатат. Садыр Жапаров чет өлкөдөн гранттык жана насыя акча алып жашап көнүп калганыбызды айтты. Илим да ошондой болуп калган. Биздин окумуштууларга каражат бөлүп, тапшырма берсе, натыйжа болот», — дейт Жуматаев.

Ал мекеменин кызматкерлери колдоого муктаж экенин айтып өттү.

Жуматаев: Каражаттын жоктугунан Ботаникалык бак каралбай турат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM