Биз менен байланышыңыз

Байге фонду 300 миң сомду түзгөн «Айтматовду оку» долбоору башталат

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 2665 | 0

Эртең, 27-сентябрда Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китептеринин бет ачарын өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Эл аралык Айтматов фондунун каржылоосунда Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн», «И дольше века длиться день», «Ак кеме» чыгармалары кайрадан басылып чыккан. Мына ошонун урматына арналган бет ачар аземди Тил жана адабият институту «Ыйык Ата журт» коомдук фонду, «Оку» басма үйү менен биргеликте уюштуруп жатат. Иш-чара Улуттук илимдер академиясынын чакан жыйындар залында, саат 10.30да башталат. Дареги: Чүй проспекти, 265а (Юридикалык академиянын маңдайы).

Мындан тышкары, иш-чарада «ОКУ» долбоорунун алкагында өткөзүлө турчу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча республикалык сынак тууралуу да кеп козголот. Белгилей кетсек, аталган долбоор былтыр да «Манас» эпосун окуу боюнча өткөзүлгөн.

Быйылкы өткөрүлө турчу «Канткенде адам уулу адам болот!» окуу сынагынын жалпы байге фонду 300 миң сом болору белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM