Биз менен байланышыңыз

«Евровидение-2021» сынагынын өтүү күнү белгиленди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 893 | 0

Эл аралык «Евровидение-2021» вокалдык сынагы ушул жылдын 22-майында Нидерландынын Роттердам шаарында пандемияга карабастан өтөт. Бул тууралуу комментатор, актер жана куудул Грэм Нортон маалымат булактарына билдирди.

«Иш-чара быйыл кадимки форматта болот, анын алкагында ар кайсы өлкөдөн келген музыканттар гран-при үчүн ат салышат. Ошол эле учурда, сынактын уюштуруучулары Роттердамга (Нидерланды) келе албай калышса, же ал жакка келгенден кийин карантинге туш болушса, анда тандалып алынган ырларын жаздырууга уруксат беришет. Ырларды тандап алуу үчүн катаал эрежелер иштелип чыгат».

Нортон вокалдык мелдеш 20 миң көрүүчүсү бар стадиондо өтөрүн маалымдады.

2020-жылдын сентябрь айында «Евровидениенин» уюштуруучулары 2021-жылдагы иш-чаранын төрт сценарийин сунуштап, сынактын форматы дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша болорун баса белгилешкен.

Copyright © 2017 Maral FM