Биз менен байланышыңыз

Тажик кыз «Евровидениеге» Орусиянын атынан катышат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 811 | 0

Быйыл май айында Нидерландыда өтө турган «Евровидение» сынагына Орусиянын атынан ырчы Manizha катышат. Ал «Биринчи канал» уюштурган көрөрмандардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен «Эки Маша» жана «Therr Maitz» тобун артка таштап, жеңүүчү аталды.

Manizha сынакта «Russian woman» («Орус аялы») ырын ырдайт. «Евровидение-2021» ыр сынагы 18-22-май күндөрү Нидерландынын Роттердам шаарында өтөт.

Былтыр конкурста «Little Big» тобу өнөр көрсөтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу ыр сынак өтпөй калган. Быйыл «Little Big» сынакка катышуудан баш тартып, мунун себебин Орусиядагы башка таланттууларга мүмкүнчүлүк бергиси келгени менен түшүндүрдү.

https://www.instagram.com/p/CMKmqJcLfX3/

Manizha — Манижа Сангиндин чыгармачыл аты. Ал 1991-жылы Тажикстанда туулган. Бирок үй-бүлөсү Москвага көчүп кеткен. Музыка тармагына 12 жашынан аралашып келет. 2020-жылы Орусиянын атынан биринчи жолу БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин ыктыярдуу элчиси болгон.

«Eurovision» сынагынын уюштуруучулары пандемияга карабай, иш-чара быйыл офлайн-форматта өтөрүн жарыялаган. Бирок ага көрүүчүлөр киргизилеби, жокпу, азырынча белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM