Биз менен байланышыңыз

Бишкек Баатырды изилдөөгө сынак жарыяланат

Коом , Кыска кабар | 29 Июн 2019 | 742 | 0

Улуттук илимдер академиясы «Бишкек Баатыр» коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек Баатырдын биографиясын, анын басып өткөн жолун, аткарган иштерин илимий түрдө изилдөөгө сынак жарыялайт. Бул тууралуу илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Арыздар 1-июлдан баштап 6-сентябрга чейин кабыл алынат. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү талаптарга ылайык болуусу керек: катышуучунун дареги, автордун аты-жөнү, илимий-изилдөө материалдары.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунга – 50 миң сом, 2-орунга – 30 миң, 3-орунду ээлеген жеңүүчүгө 20 миң сом акчалай сыйлыктар каралган.

Сынакка катышуу үчүн материалдар Бишкек шаары, Чүй проспекти 256а, 2-кабатында кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM