Биз менен байланышыңыз

Бишкек баатыр өзүнүн ордун борбор калаадан тапты

Билим-маданият , Коом | 14 Апр 2021 | 10628 | 0

Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишине Бишкек баатырдын айкели тургузулду. Ысымы Кыргызстандын борборуна коюлган баатырдын эстелигинин ачылышы бүгүн, 14-апрелде өтүп, ага президент Садыр Жапаров да катышты. Ал өз сөзүндө Бишкек баатырдын ысымы кылымдан кылымга аңыз катары эле айтылып тим болбостон, ХХ кылымда мамлекеттин саясий борборунун аталышы болуп калганын белгиледи.

«Анын ысымы кылымдан кылымга үзүлбөй угулган санжыргалуу аңыз катары эле айтылып тим болбостон, адегенде Сары-Өзөн Чүйдүн боорундагы укумдай жер атына айланып, ал эми ХХ кылымда мамлекетибиздин саясий борборунун аталышы болуп калды. Дегеним, оозеки жана документалдык булактарга караганда, Бишкек баатырдын сөөгү жашырылган жерге оболу төбөсү ыраактан көрүнгөн күмбөз тургузулса, кийин соңунда «Пишпек-Ата коргону» аталып кеткен ал жер калайык калк сыйынган ыйык жайга айланып, тегерегине акырындап эл уюп, отурукташкан журт байырлап, ушул процесс токтобой уланып жүрүп отуруп, акыры чоң шаар калыптанды», — деди президент.

Сокулук районунда Бишкек баатырдын 100 түтүндөн ашык урпагы жердеген Түз деген айыл бар. Мына ошол айылдан XX кылымдын 1950-жылдары Балакбай деген санжырачы өткөн. Ал 1943-жылы Бишкек баатыр жөнүндө адабиятчы Шаршенбек Үмөталиевге жаздырып калтырган. Бул тууралуу эстеликти тургузууга салым кошкондордун бири Карыпбек Алымкулов билдирди. Ошондой эле ал Бишкек баатырдын кадимки Түлөберди баатырга айткандарын мисал келтирди:

«Бишкек баатыр кадимки Түлөберди баатырга: «Эй Түлөберди, сен мени жакадагы көп жатакчынын бириндей көрбө! Сенин ысымың көп болсо суунун башы менен аягына жетер. Менин атым ат түгүндөй Адигине менен тай түгүндөй Тагайга жетет. Андан ашып, күндүн Чыгышы менен Батышына кетет. Мен тегин адам эмесмин!» — деген экен». 

1990-жылы Фрунзе шаарынын атын өзгөртүү мезгилинде көпчүлүк «Пишпек шаары» деген атты сунуштаган. Бирок тарыхчылар бул жердин тарыхый аталышы жазмаларда, эскерүүлөрдө Бишкек экенин далилилдеп, Жогорку Кеңешти ынандырып, Бишкек шаары деп аталып калгандыгына тарыхчы Кыяс Молдокасымов токтолду.

Анын айтымында, учурда Кытай окумуштуулары Бишкек баатырдын доорундагы 2800 беттен турган манжу тилиндеги жаңы документтерди таап, даярдап койгон.

«Кыргыз элинин эң байыркы эл экенин, 3000 жылдык тарыхы бар экенин кытай окумуштуулары архивдик негизде далилдеп берди. Бишкек баатырдын доорундагы 2800 беттен турган манжу тилиндеги жаңы документтерди таап, даярдап койду. Биздин тарыхыбыз өтө бай, бирок коңшу өлкөлөрдөй каражат бөлүнбөгөндүктөн, 2800 беттен турган, андан мурунку миңдеген беттен турган биздин тарыхый булактарыбыз токтоп турат. Ошол тарыхый документтерде буйруса Бишкек баатыр жана башка баатырларыбыздын аттары чыгат, ошондогу окуялар чыгат». 

Буга чейин Бишкек баатырдын бар-жогу талаш жарытып келсе, бүгүн анын Бишкек шаарынын куруучусу, негиздөөчүсү жана түзүүчүсү экендиги тарыхчылар тарабынан далилденгенин калаа башчысы Бактыбек Кудайбергенов белгиледи.

«Кыргызстанда окшош аттар абдан көп болгон. Бишкек деген ат жалаң Чүйдө болгон эмес. Ошондуктан «бул баатыр башка, тиги баатыр башка» деген талаштар болуп келген. Бул жерде Бишкек Кенен уулу деп турат. Тарыхчылардын баары тең Чүйдүн тургундары эмес, Кыргызстандын тарыхчылары ошонун үстүндө иштеди. Илимдер академиясында да 3-4 жыл катары менен илимий-практикалык конференция өткөрүп, окумуштуулар далилдеп, «ушул Бишкек, ушул чепти курган түзүүчү, баатыр болгон» деп, эстеликке философиялык маани беришкен. Ал устаканаларды куруп, анын тегерегине Улуу Жибек жолунан соодагерлерди токтоп, ошонун негизинде экономикалык өсүш болгон». 

Айкелди жасоо үчүн 2018-жылы Бишкек шаардык мэриясы тарабынан үч этаптан турган сынак жарыяланып, негизги талап Бишкек баатырдын образын ачып берүү болгон. Мыкты айкелчилердин арасынан Адил Сейталиев жеңип чыгып, эстеликти бир жылдын ичинде жасап бүткөн. Сейталиев Бишкек баатырдын эстелигинин маанисин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

«Бишкек баатырдын эстелигинин артында шаардын макети турат. Жанында курал-жарагы турат. Бул болсо тынч жашоонун, кайра жаралуунун башталышы деген маанини билдирет. Аркасындагы шаардын макети — азыркы шаардын макети болуп саналат. Бул деген — тарыхтагы өткөн менен келечектин байланышы. Жанындагы жол анын басып өтөн жолу, башкача айтканда, тарыхтан бүгүнкү күнгө чейинки жол. Чабалекейлердин учканы, алар конгон жерде кут келет деген маанини берет».

Бишкек баатырдын урпагы Төлөн Сарманов баатырдын урпактары анын айкелин тургузууга алты жылдан бери чуркап, марафон өткөрүп, эстеликти тургузууга жалпы 8 млн сом каражат чогултушканын айтат.

«Жедигер таякелердин демилгеси менен «Бишкек баатыр» коомун түздүк. Солто коомуна алып чыгып, бүт солто эли колдоп, марафон өткөрүп, алты жылдан бери эл көтөрүп чыкты. 7 млн топтолгон, аны депозитке койгонбуз, жалпы 8 млн акча кетти. Акчанын баары бүт солто эли тарабынан чогултулду. Мамлекеттен бир тыйын алынган жок.»

Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелин коюу боюнча иштер 2020-жылдын июнь айынын аягында башталган. Буга чейин айкелдин салтанаттуу ачылышы 2020-жылдын 31-августуна пландалган болчу. Бишкекте жалпы 122 тарыхый инсандын айкели бар.

Copyright © 2017 Maral FM