Биз менен байланышыңыз

Орусияда төртүнчү күн катары менен вируска кабылгандар 6 миңден ашууда

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 413 | 0

Орусияда бир суткада  6215 кишиден коронавирустук инфекция тастыкталды. Муну менен өлкөдө төртүнчү күн катары менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6 миңден ашып жатат. Ошондой эле акыркы суткада 160 адам коронавирустук инфекциядан көз жумганын ыкчам штабдын маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Өлүмдөрдүн көпчүлүгү Санкт-Петербургда (25) жана Москвада (15) катталган.

Ошентип Орусияда коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 19 миң 649 адамга жетти. Жалпысынан, пандемия башталгандан бери Covid-19 1 млн 115 миң 810 адамда аныкталды, анын ичинен 917 миң 949 адам айыгып чыккан. Учурда 221 141 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Мындан сырткары, бүгүн 22-сентябрда Орусиянын эки губернатору COVID-19га кабылгандыктарын жарыялашты. Алтай аймагынын башчысы Виктор Томенко жана Адыгейдин башчысы Мурат Кумпилов вируска кабылып, ооруп калышты. Мындан улам экөө тең аралыктан иштөөгө өтүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM