Биз менен байланышыңыз

Бир топ министрге сөгүш жарыяланып, айрым жетекчилер кызматынан бошотулат

Кыска кабар | 25 Апр 2024 | 372 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир катар министрлерге өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялап, бир топ жетекчинин кызматынан бошотот.

Бул тууралуу аткаруу кызматынын 25-апрелдеги жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге “эскертүү” жарыяланды.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановго “эскертүү” берилди.

Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы ‒ Азамат Буржуевге “эскертүү”,

Санариптик өнүктүрүү министри ‒ Нурия Кутнаевага “сөгүш”,

Транспорт жана коммуникациялар министри ‒ Тилек Текебаевге “сөгүш”,

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго “сөгүш”,

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары ‒ Ж.Б. Жумалиевге “сөгүш”,

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаевага “сөгүш”,

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А.К. Раимкуловага “сөгүш”,

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ‒ Элчибек Жантаевге “сөгүш” жарыяланды.

Ал эм Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ‒ аким ‒ Алайбек Жумаевди кызмат ордунан бошотуу,

Баткен облусунун Баткен районунун акими У.И. Жоробаевди кызмат ордунан бошотуу,

Чүй облусунун Кемин районунун акиминин биринчи орун басары А.Р. Мурсалиевди кызмат ордунан бошотуу,

Баткен облусунун Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары А.К. Ташбалтаевди кызмат ордунан бошотуу,

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары А.К. Дүйшембиевди кызмат ордунан бошотуу,

Чүй облусунун Кемин районунун акиминин орун басары К.Р. Жетенбаевди кызмат ордунан бошотуу,

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси ‒ Б.Н. Алиевди  кызмат ордунан бошотуу каралды.

25-апрелде өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Президенттин Администрациясынын коллегиясы өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM