Биз менен байланышыңыз

Президент: Бишкекке «жашыл шаар» деген атын кайтарышыбыз керек

Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 501 | 0

Бишкекке мурдагы «жашыл шаар» деген атын кайтаруу керек. Бул боюнча конкреттүү иштер жасалууда. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Президент Бишкек мэриясы жасап жаткан иштерди колдоп жатканын айтты.

Жээнбеков белгилегендей, саясий жактан мэриянын ишине абдан чоң колдоо көрсөтүлүүдө. Анткени жер берүү коррупциянын чоң очогуна айланган. Жерлерди кайтарууга мэриянын өзүнүн күчү жетпейт. Буга абдан чоң күчтөр, таасирдүү адамдар, чоң каражат аралашкан.

Бирок эбегейсиз каршылыкка карабай, жерлер шаарга кайтарылууда. Ошол жерлерге парктар курулуп жатат.

Жалпы аянты 30 гектардан ашык 4 парк курулуп жатат.

«Мындай иш Бишкекте эле эмес, өлкөнүн башка шаарларында да жүрүп жатат. Элдин менчиги элге кызмат кылышы керек. Биз буга катуу турабыз. Сейил бактардан тышкары, Бишкек шаарынын сыртына эс алуучу жайларды, бизнес борбор жана спорт сарайларын курууну пландаштырып жатабыз», -деди президент.

Ал кошумчалагандай, футбол, хоккей стадиону, 5 миңден 7 миңге чейин унаа коюучу жайлар, жалпысынан 30 гектарга долбоор пландаштырылууда. Учурда даярдыктар жүрүп жатат. Алдыда иштери башталат.

Copyright © 2017 Maral FM