Биз менен байланышыңыз

«Президент да, өкмөт башчы да Конституцияны бузуп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 мая 2019 | 624 | 0

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков «Марал» радиосуна берген маегинде азыркы бийлик мыйзамдарды бузуп жатканын билдирди.

Касымбеков УКМКнын төрагалыгына талапкер сунуштоо кечиктирилип жатканын мисал келтирип, Башмыйзам президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан да, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан да бузулуп жатканын белгиледи.

«Бир эле мисал айтайын, УКМКнын мурдагы жетекчиси Идирис Кадыркулов 15-майда кызматтан бошоду. Андан бери 13 күн өттү. Ал эми Конституциянын 87-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык, өкмөттүн мүчөсү кызматтан кетсе, анын талапкерлиги 5 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке киргизилиши керек. Мына, Конституция президент тараптан да, премьер-министр тараптан да бузулуп жатат», — дейт Касымбеков.

Белгилей кетсек, Идрис Кадыркулов 15-майда отставкага кеткен. Анын мындай чечим кабыл алышына биометрикалык паспорттордун бланктары үчүн өткөн тендерге байланыштуу чыр коомдо талкууга алынганы себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM