Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын үстүндө катуу иштеп жатабыз

Коом , Кыска кабар , Саясат | 22 Авг 2020 | 837 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл жерлериндеги ирригациялык иштер кызуу жүрүп жатканын айтты. Ал бул иштерди өзүнүнүн президенттик мөөнөтүндөгү эң башкы чечиле турчу көйгөй деп эсептейт. Мындай билдирүүнү президент «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде билдирди.

Жээнбеков акыркы апталарда аймактарды кыдырып, элет көйгөйлөрү менен жеринен таанышып чыкты. Анда өзүнө кайрылган жарандардын көбү таза суу маселесин көтөргөнүн айтат.

— Таза суу боюнча буга чейин айтканымдай, менин президенттик мөөнөтүм бүткөнчө бул долбоор Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашырылып бүтөт. Ал күчүндө, бул багытта иш кылып жатабыз, — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчы экинчи маселе катары элеттеги айыл чарба, дыйкан, фермерлердин эгинин сугат суу менен камсыз кылуу экенин айтып өттү.

— Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы 3 этаптан турат. Анын экөөсү 2024-жылдын аягына чейин ишке ашат. Анын үстүнөн катуу иштеп жатабыз, — деди президент.

Бул 2 этапта 31 суу чарба объектилери ишке берилип, жыйынтыгында 27 миң гектар жаңы сугат жер пайда болорун кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков акыркы айда иш сапары менен Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына барып келди.

Copyright © 2017 Maral FM