Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Коррупция менен күрөш токтобойт — уланат

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 722 | 0

«Коррупция менен күрөш токтобойт — уланат. Бул күрөштө бир гана Президенттин алы жетпейт. Менде эрк бар, Президент катары бул күрөштүн башында туруп берем. Бирок муну каалабагандар да бар», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков 16-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы эл менен болгон жолугушуусунда.

Ошондой эле, мамлекет башчы коррупцияга аралашкан кандай чиновник болбосун, кайсы бийлик бутагы болбосун — жоопко тартыла тургандыгын айтып, жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарын коркпой ачык күрөшүүгө чакырды.

Мындан тышкары, Мамлекет башчы мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө муктаж болгон адам менен мамлекеттик чиновник беттеше баштаганда, коррупцияга жол берилип жатканын жана экөөнүн ортосунда алака болбой турган система ишке кирерин айтты.

 

Copyright © 2017 Maral FM