Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда жаңы окуу жылы башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Авг 2020 | 1228 | 0

17-августта Тажикстанда “салттуу эмес” окуу жылы башталды.

Негизи өлкөдө окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бирок быйылкы жылы окуу процесси жаз мезгилинде пандемияга байланыштуу үзгүлтүккө учурагандыктан, окуу кайрадан 17-августта жандандырылды.

Өлкөнүн билим берүү жана илим министрлигинин алдын-ала  маалыматы боюнча, жаңы окуу жылында 220 миңден ашуун окуучу биринчи класска барат.

“Так статистикалык маалыматтар өлкөнүн тиешелүү шаарларынын жана райондорунун билим берүү бөлүмдөрү тарабынан берилгенден кийин болот”,- деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Эхсони Хушбахт.

Тажикистандын мектептеринде, университеттеринде жана колледждеринде сабактар коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча Республикалык штабдын макулдашуусу менен 17-августта башталды.

Мектептердеги сабактар негизинен министрликтин үч сунушуна ылайык жүргүзүлөт.

Биринчи сунуш: Мектептердеги сабактын узактыгы биринчи класстын окуучулары үчүн 35 мүнөт, 2-11-класстардын окуучулары үчүн 45 мүнөт.

Бул сунушка ылайык мектептерде сабактар эки сменада өткөрүлөт. Биринчи кезмет эртең мененки 8ден 12:55ке чейин болот, ал эми экинчи кезмет – 13:10дон 17:55ке чейин.

Мектептерде окуу процесси коронавирус пандемиясына байланыштуу бардык санитардык эрежелерди сактап уюштурулат.

Copyright © 2017 Maral FM