Биз менен байланышыңыз

Дагы 5 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 380 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 1
• Чүй облусунда – 1
• Жалал-Абад облусунда – 1
• Ош облусунда – 1
• Баткен облусунда – 1

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 9 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында  3035 учур катталды, алардын ичинен 2342 медкызматкер айыкты.

17-августка карата өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 41 991 адамды түздү. Анын 34 миң 567си айыгып чыгып, коронавирус жана пневмониядан жалпы 1496 адам каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM