Биз менен байланышыңыз

Беларусияда президенттик шайлоо нааразылык акциясы менен коштолду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 634 | 0

9-августта Беларусияда президенттик шайлоо болуп өттү. Алдын ала маалымат боюнча өлкөнүн азыркы башчысы Александр Лукашенко президенттик шайлоодо жеңишке жетишип, 79,7% добуш алса, Светлана Тихановская 6,8% колдоо тапкан.

Республиканын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина, добуштарды эсептөөдө бардык округдарда учурдагы президент Александр Лукашенко алдыга чыкканын билдирген.

Мындан улам кечинде Беларусиянын бир катар шаарларында массалык нааразычылык акциялары өттү. Минсктин чок ортосунда демонстранттар таштанды чакаларынан баррикадаларды орнотушту. Миңдеген адамдар бул жыйынтыктар бурмаланганын, мындай жыйынтыкка макул эместигин билдирип, көчөгө чыгышты.

Полиция көздөн жаш агызуучу газ, суу замбиректерин жана гранаталарды колдонуп,  демонстранттарды шаардын борборунан күч менен кууп чыкты.

Ошол эле учурда нааразычылык акциясынын жүрүшүндө жабыркагандар бар, бир нече адам ооруканага жеткирилген.

Беларустагы президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн жалпысынан 5767 шайлоо участогу түзүлдү, анын ичинен 44ү Беларусиянын 36 мамлекеттеги элчиликтерде жана башкы консулдуктарда жайгашкан. Ошондой эле, добуш берүү жабык жерлерде — аскер бөлүктөрүндө, санаторийлерде, диспансерлерде, эс алуу үйлөрүндө, ооруканаларда жана стационардык шарттарда медициналык жардам көрсөткөн башка саламаттыкты сактоо уюмдарында өттү.

Мындан тышкары, ден-соолугуна байланыштуу же башка жүйөлүү себептер боюнча шайлоо күнү добуш берүү участогуна келе албай калган шайлоочулар участкалык комиссияга арыз менен кайрылышкан.

Беларусиянын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, Москванын шайлоо участогунда болгону 3 миңден ашык адам добуш бере алган.

Беларусиянын Ички иштер министрлиги интернетте нааразычылык акцияларына байланыштуу жасалма материалдар тарагандыгын жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM