Биз менен байланышыңыз

Кытай АКШнын Ухандагы консулдугун жабышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 461 | 0

Кытай АКШнын Ухандагы консулдугун жабуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.

Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ  өкмөтү Хьюстондогу Кытай консулдугун жабууну талап кылганын билдирген.

АКШ Кытайдан Хьюстондогу консулдугун жабууну талап кылды

Министрликтин өкүлү Ван Вэнбинь: «Эгер Вашингтон анын талабын аткарбаса, Кытай зарыл чараларды көрөт», — деп билдирди.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Морган Ортегустун айтымында, Хьюстондогу Кытай консулдугу америкалыктардын интеллектуалдык менчигин жана америкалыктардын жеке маалыматтарын коргоо үчүн жабылат.

Буга чейин АКШ өкмөтү Хьюстондогу Кытай консулдугун жабууну талап кылган.

Кытайдын ЖМКлары билдиргендей, АКШ консулдукту жабууга 72 саат убакыт берген.

АКШ менен Кытайдын мамилеси 2020-жылы олуттуу начарлады. Учурда эки өлкө бири-бирине санкцияларды киргизип жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM