Биз менен байланышыңыз

АКШ Кытайдан Хьюстондогу консулдугун жабууну талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 419 | 0

АКШ өкмөтү Хьюстондогу Кытай консулдугунун жабылышын талап кылды. Бул тууралуу Bloomberg билдирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэньбинь бул жагдайды эки өлкөнүн мамилелериндеги болуп көрбөгөндөй чыңалуу деп эсептейт.

Ошондой эле, ал Пекин Американын кадамына жооп кайтарарын белгиледи.

Кытайдын ЖМКлары билдиргендей, АКШ консулдукту жабууга 72 саат убакыт берген.

АКШ менен Кытайдын мамилеси 2020-жылы олуттуу начарлады. Учурда эки өлкө бири-бирине санкцияларды киргизип жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM