Биз менен байланышыңыз

Украина 6 өлкөнүн жарандарына карата визаларды жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 1068 | 0

Украина алты өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режимди киргизди. Тийиштүү жарлыкка президент Владимир Зеленский кол койду.

Документке ылайык, 2020-жылдын 1-августунан тартып Австралия, Жаңы Зеландия, Бахрейн Падышалыгы, Кувейт, Оман Султандыгы, Сауд Аравия Королдугунун жарандары үчүн Украинага кирүү жана өлкө аймагы аркылуу транзиттик каттамдарды аткарууга визасыз режим орнойт.

Жарандардын Украинада болуусу 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпашы керек.

Маалыматка ылайык, тийиштүү токтом Украина менен жогоруда аталган өлкөлөрдүн өнөктөштүк принциптерин иштеп чыгуу жана иш жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында кылынды.

Copyright © 2017 Maral FM