Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабиясы чет өлкөлүк зыяратчылар үчүн ажылык сапарды токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 953 | 0

Сауд Арабиясы чет өлкөдөн келген зыяратчылар үчүн ажылык сапарды токтотту. Сауд Арабиясынын бийлиги коронавирустун жайылышына байланыштуу быйылкы ажылыкка катышууга чет өлкөдөн келүүчү зыяратчыларга уруксат берген жок. Быйыл Мекке жана Мединага зыярат кылуу падышалыкта жүргөн аз сандагы мусулман зыяратчылары үчүн гана уруксат берилет.

Бул тууралуу Сауд Аравиясынын Ажылык жана Умра министрлиги дүйшөмбү күнү тараткан билдирүүсүндө айтылгандыгын РИА Новости жазды.

Коронавирустук пандемиянын жайылышына байланыштуу Мусулман календары боюнча 1441-жылдагы ажылык сапарына учурда аталган өлкө аймагында жайгашкан ар кайсы улуттагы белгилүү сандагы гана зыяратчылар катыша алат. Ошондой эле, билдирүүдө адамдардын ден соолугун сактоо керектиги да айтылган.

Мусулмандар үчүн ыйык жай болгон Меккенин аймагы коронавирус жуккан адамдардын саны көптүгүнөн улам эркин жүрүү үчүн жабык бойдон калууда.

Сауд Арабиясында 161 миңден ашык адам инфекция жуктуруп, жугузгандардын саны боюнча Араб өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат. Бир нече жумадан бери падышалыкта күнүнө үч миңден кем эмес адам вирус менен катталып жатат. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1307 адам каза болуп, 105 миңден ашыгы айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.

Быйылкы ажылыктын тагдыры кандай болот?

Copyright © 2017 Maral FM