Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 3261ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 431 | 0

Өзбекстанда коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны 3261ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк отчетуна таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

— Өзбекстанда 26-май саат 10:00 карата коронавирустук инфекциянын саны 3261ге (+46) жетти , -деп айтылат билдирүүдө.

Бардык жаңы учурлар чет өлкөдөн келген жарандар арасында аныкталган. Алардын ичинен Өзбекстанга Орусиядан келген 44 адам жана эл аралык жүк ташуучу унаалардын эки айдоочусу бар.

Өзбекстанда  жалпы 2 миң 577 адам коронавирустан айыгып, 13 адам көз жумган.

Учурда 641 адам ооруканаларда дарыланууда.

Copyright © 2017 Maral FM