Өзбекстанда коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны 3261ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк отчетуна таянып жергиликтүү басылмалар жазды.
— Өзбекстанда 26-май саат 10:00 карата коронавирустук инфекциянын саны 3261ге (+46) жетти , -деп айтылат билдирүүдө.
Бардык жаңы учурлар чет өлкөдөн келген жарандар арасында аныкталган. Алардын ичинен Өзбекстанга Орусиядан келген 44 адам жана эл аралык жүк ташуучу унаалардын эки айдоочусу бар.
Өзбекстанда жалпы 2 миң 577 адам коронавирустан айыгып, 13 адам көз жумган.
Учурда 641 адам ооруканаларда дарыланууда.