Биз менен байланышыңыз

Трамп бразилиялыктардын АКШга киришине тыюу салышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2020 | 479 | 0

Бразилияда коронавирус жуктурган адамдардын саны тездик менен өсүүдө. Өлкө коронавирус көп катталган мамлекеттердин тизмесинде АКШ менен Орусиядан кийинки, 3-орунда турат.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, президент Дональд Трамп Бразилиядан АКШга кирүүгө тыюу салууну карап жатат.

-Мен бразилиялык адамдардын келип, биздин жарандарыбызга оору жуктурушун каалабайм, —  деди Трамп.

Бразилияда 271 миң жаран коронавируска чалдыккан.

Copyright © 2017 Maral FM