Биз менен байланышыңыз

Трамп республикачыларга анын ысымын колдонууга тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 758 | 0

АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын адвокаттары «Республика» партиясынын үч уюмуна нааразычылык билдирип, акча чогултууда жана сувенирлерде Трамптын сүрөтүн колдонуусун токтотууну талап кылышты.

«Трамп мырза «Америка Биринчи» принцибин колдогон республикачыларга жана консерваторлорго берилген бойдон кала берет, бирок бул деген — эч кимге: досторуна да, душмандарына да сүрөтүн уруксатсыз колдонууну билдирбейт», — деди Трамптын кеңешчиси.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, нааразычылык акциялары «Республика» партиясынын Улуттук комитетине, АКШ Конгрессине жана анын жогорку палатасына республикачыларды көрсөтүү өнөктүгүнө багытталган.

Трамптын кеңешчиси, экс-президентке бул уюмдардын 2021-жылы ага импичмент жарыялоо үчүн добуш берген республикачыларды колдогону жакпаганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM